Бишкек, 26.03.26. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда өлүмдүн негизги себептери болуп оорулардын үч тобу саналат: жүрөк-кан тамыр, онкологиялык оорулар жана жаракаттар. Өлүм учурларынын ичинен жүрөк жана кан тамыр оорулары 52,3 пайызды түзөт. Бул тууралуу Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Талант Эралиев билдирди.
Ал өлкөдө медицинанын башка багыттарына салыштырмалуу кардиология тармагы кыйла жигердүү өнүгүп жатканын белгиледи. Бүгүнкү күндөгү негизги милдеттердин бири дарылоо ыкмаларын стандартташтыруу. Анын айтымында, адистердин бирдиктүү клиникалык протоколдор менен иштөөсү маанилүү.

Ошондой эле Эралиев айыл жергесинде кадр тартыштыгы көйгөйү сакталып жатканын кошумчалады.
"Бирок, кадр маселеси көбүнчө эмгек акынын деңгээлине байланыштуу. 1-апрелден тарта медицина кызматкерлеринин айлыгын 100 пайызга көтөрүү күтүлүүдө, бул менин оюмча, жалпы саламаттык сактоо тутумунун абалына оң таасирин тийгизет", — деп белгиледи ал.