Кыргызстанда өлүм жазасын киргизүү мүмкүн эмес. Бул катаал чара өлкөнүн Баш мыйзамына ылайык келбейт жана аны жалпы элдик референдумга чыгарып, Конституцияга киргизүүгө да жол берилбейт. Конституциялык сот өлүм жазасын калыбына келтирүү боюнча сунуштар менен талаптарга мына ушундай чекит койду. Эске салсак, жаш балдарды жана кыз-келиндерди зордуктап, өлтүргөндөрдү өлүм жазасына тартууну өлкөнүн негизги мыйзамына киргизүү сунушу эки айга чукул кызуу талкууга алынды.
Маселенин тар чөйрөдө же соцтармакта эмес, жалпы өлкө деңгээлинде реалдуу талкууга чыгуусу коомчулуктун чыдамынын чегине жеткенин билдирип турат. Анткени, балдарды, секелек кыздарды, кыз-келиндерди зордуктап өлтүрүүлөр көбөйүп, үрөй учурган окуялар биринин артынан бири кайталана берди. Акыркы окуя, Ысык-Көл облусунда 17 жашар окуучу кыз Айсулуу Мукашеванын каргашалуу өлүмү кабатырланууну күчөтүп, коомчулук мындай мыкаачылар эң эле катаал жазага тартылышы керектигин талап кылды.
Тынчсызданууларды өлкө башчысы Садыр Жапаров жоопсуз калтырбай, кылмышкерлердин жоопкерчилигин өлүм жазасына чейин катаалдаштыруу мүмкүнчүлүгүн караштыруу тапшырмасын берген. Ага улай балдардын жана аялдардын жашоо укугу, жыныстык жана инсандык кол тийбестиги белгиленген “Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү” тууралуу мыйзам долбоору жана Кыргызстандын БУУнун өлүм жазасын жоюуга багытталган “Экинчи факультативдик протоколго кошулуу” жөнүндө мыйзамын жокко чыгаруу боюнча долбоор коомдук талкууга чыгарылган. Анын жыйынтыгында катышуучулардын басымдуу бөлүгү өлүм жазасын киргизүүгө каршы пикирин билдиришти.
2-декабрда президент Конституцияга өзгөртүү киргизүү долбоорун расмий корутунду алуу үчүн Конституциялык сотко жөнөткөн. Конституциялык сот ички мыйзамдарды, эл аралык нормаларды карап чыккан соң өз бүтүмүн чыгарды. Ага ылайык өлүм жазасын мыйзамдаштыруу мүмкүн эмес.
Конституциялык сот: Кыргызстан Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын Экинчи факультативдик протоколу өлүм жазасын толук жана биротоло жоюуну максат кылат жана денонсациялоо механизми каралган эмес.
Анын үстүнө өлүм жазасынан баш тартуу үчүн Кыргызстанга 20 жылдан ашык убакыт керек болду. Биздин өлкөдө акыркы жолу катаал чара 1998-жылы ишке ашырылган. Андан кийин мораторий менен тыйылып, 2007-жылы Жогорку Кеңеш анын ордуна өмүр бою эркинен ажыратуу нормасын киргизген. 2010-жылы Кыргызстан “Экинчи факультативдик протоколду” ратификациялаган. 2021-жылы Баш мыйзам аркылуу бул чоң жазадан биротоло баш тартканбыз.
Аталып жаткан “Экинчи факультативдик протокол” өлүм жазасын толугу менен жоюуну көздөп, катышуучу мамлекеттер өлүм жазасын кайра киргизбөөгө милдеттендирилет. Андан чыгуу жолдору да каралбаганын эксперттер баса белгилешүүдө. Эгер өлүм жазасы кайра киргизилсе Кыргызстан “эл аралык келишимдерди бузду” атка конот.
Тышкы иштер министрлиги: Кыргызстан укуктук мамлекет катары эл аралык милдеттенмелерин мындан ары да так аткарат, ошол эле учурда балдарга жана аялдарга каршы кылмыштар үчүн жазаларды күчөтүү боюнча улуттук мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү иши уланат.
Өлүм жазасы, жазаларды күчөтүү маселесин көтөргөндө сот системасындагы жана тергөө органдарындагы жоопкерчилик да эске алынуусу зарыл. Тажрыйба көрсөткөндөй оор кылмыш жасагандардын айыбы жеңилдетилип, жаза кыскарып кеткен, кенже инстанциядагы соттордун чечимин Жогорку инстанциядагылар жокко чыгарган учурлар көп. Андыктан эң алды сот тутумунда, укук коргоо органдарында реформа жүргүзүп, таза иштөө принциби өкүм сүрүүсү керек. Айтмакчы, ката кетирген сотторго да катаал жаза каралуусу зарылдыгын эл талап кылып келет. Болбосо жабырланган тараптар менен коомчулукта сотторго ишенбөөчүлүк маселеси пайда болушу ыктымал.
Жабырланган тараптын адилеттүүлүккө, мыйзамдуулукка ишеними
Эл аралык талдоочулар “жазаны катаалдаштыруу кылмыштын алдын албайт, жабырланган тарапка карата адилеттүүлүк орногон менен бул жаза башкаларга тарбия же мисал боло албайт” дешет. Ошол эле учурда мыкаачылык үчүн оор жаза талап кылуу мыйзам ченемдүү көрүнүш. Эгер катаал чарага жол жок болсо, анда “эмне кылуу керек” деген суроо жаралат. Аянычтуу окуяларды, алардын улам кайталанып жатканын эске алганда кылмышкер үчүн өлүм жазасына теңме-тең жаза нормаларын караштыруу жана кылмыштардын алдын алуу зарылдыгы турат.
Кыргызстанда өлүм жазасы өмүр бою эркинен ажыратуу нормасына алмаштырылгандыктан бизде кылмышкердин өмүрү сакталып, абакка кесилет. Барган сайын жаза аткаруу мекемелериндеги шарттарды жакшыртуу, абактагылардын укуктарын коргоо, аларга мамилени жумшартуу сымал жеңил режимдерди киргизүү сунуштарына коомчулуктун ичи чыкпай келет. Ага улай “түрмөдө отурганы эле болбосо тамак-ашы, кийим-кечеси бекер, иштегени үчүн айлык алат” деген ой орноп калган.
Юридика илимдеринин доктору, профессор Нурлан Шериповдун пикиринде өмүр бою абакка кесүү нормасы дагы эң оор жаза болуп саналат.

“Зордуктоо үчүн өмүр бою эркинен ажыратылгандар жазасын ансыз деле катаал шартта өтөшөт. Бизде катаал режимдеги колониялар бар. Ал эми өлүм жазасы өзү туура эмес чечим. Негизги иш катары эл арасында укуктук маданиятты, укуктук аң-сезимди көтөрүү, укуктук пропаганданы күчөтүү керек. Анын үстүнө азыркы жогорку технологиялар заманында кылмышты жашыруу мүмкүн эмес. Ошондой эле сот системасында, укук коргоо органдарында реформалар зарыл”, - дейт Нурлан Шерипов
Эл аралык тажрыйба жана сот системасы кынтыксыз делген өлкөлөрдөгү абал
Бириккен Улуттар Уюмунун акыркы маалыматына ылайык, 2023-жылы 16 өлкөдө 1 миң 153 өлүм жазасы аткарылган. Бул көрсөткүч акыркы сегиз жылдагы эң жогорку көрсөткүч болгон. Жалпсынан бүгүнкү күндө 50дөн ашык мамлекетте өлүм жазасы бар. Алардын катарында Иран, Ирак, Пакистан, Афганистан, Сауд Аравиясы, Сомали, Йемен, АКШ, Кытай, Түндүк Корея, Египет, Япония, Ботсвана, Сингапур, Судан жана Түштүк Судан турат. Эл аралык талдоочулар катаал чара эң көп Кытайда колдонулуп жатканын, бирок статистика жашыруун экенин белгилешет.
Мурунку союздук өлкөлөргө токтолсок, өлүм жазасы жалгыз Беларуста сакталып калган. Ал өлкөдө 1990-2022-жылдар арасында 400 кишиге аталган жаза колдонулган. Ал эми Азербайжан, Армения, Грузия, Молдова, Тажикстан, Түркмөнстан, Украина, Россия, Өзбекстанда мораторий жарыяланган, жаза өмүр бою же абакка узак мөөнөткө кесүү менен алмаштырылган. Ал эми Казакстанда балдарга карата сексуалдык зомбулук кылгандарды химиялык жол менен тукумсуз кылып жазалашат.
Сот системасы, тергөө органдары үлгүлүү деген чоң мамлекеттерде да күнөөсүздөр чабылып кеткен учурлар бар. Буга өнүккөн Япониядагы кечээ жакында болгон окуя мисал боло алат. Дээрлик 40 жылдан ашык убакыт мурун өлүм жазасына тартылган Ивао Хакамада акталып чыкканына дүйнө эли күбө болду. Акыйкатсыз чечимдин негизги себеби катары далилдердин бурмаланып кеткени аталды. Бул үлгүлүү делген Япониянын сот системасында да олуттуу кемчиликтер бар экенин көрсөттү.
Сот тутуму кынтыксыз аталган АКШнын айрым штаттарында аткарылган өлүм жазалары да акыйкат деген кепилдик жок. Ачык маалыматтарга караганда жогорку жаза чегерилип, бирок кийин акталгандар көп.
Эң жогорку сот - абийир соту
Серепчилердин пикиринде өмүр бою эркинен ажыратуу өлүм жазасынан да катаал чара. Маселе жазанын аткарылышында жана соттордун абийиринде. Мамлекет өз кезегинде балдардын, кыз-келиндердин зордукталуусу, өлтүрүлүүсү сымал оор кылмыштардын алдын алуу үчүн ар тараптуу коопсуздук чараларын иштеп чыгуусу зарыл. Кылмыштарга себепчи болгон экономикалык, социалдык, психологиялык жагдайлар олуттуу изилденип, маселенин жыйынтыгы менен эмес өзөгү менен күрөшүү майнаптуу.
Кундуз Азарбекова, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги