Өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү ыктымал - ӨКМ

Коом Загрузка... 11 Май 2025 16:40
496039978_1092176206288438_7947052131650941103_n.jpg
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек, 11.05.25. /Кабар/. Өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү ыктымал.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу бүгүн, 11-майда республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда жана 12-майда Ысык-Көл облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

"Кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдарга кабылсаңыз токтоосуз 112 номерине чалып билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат", - деп белгилешти ӨКМден.