Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Коом Загрузка... 24 Март 2025 11:03
659380473.jpg
copyright icon WWW

Бишкек 24.03.25 /Кабар/. Бүгүн, 24-марттан 26-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар күрткүсү жана кар көчкү түшүүcү күтүлөт.

Өзнөчө кыырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Атап айтсак, Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу), Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 68-74, 85-87-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) жана Красная-Горка – Акташ унаа жолунун 1-2-чакырымдарында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүүcү мүмкүн.

Андыктан ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертет!