Каракол – Эңилчек жолунда кар көчкү коркунучу жаралды

Каракол – Эңилчек жолунда кар көчкү коркунучу жаралды
copyright icon WWW

Бишкек, 16.11.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы кар көчкүгө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 16-ноябрдан 19-ноябрга чейин Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана Каракол – Эңилчек унаа жолунун 74-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүп, кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Аталган жол тилкесинде унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо зарыл.

Айдоочуларга жолдо жүрүүдө этият болуу жана коопсуздук эрежелерин сактоо сунушталат.