Өлкөнүн бардык аймактарындагы мектептерде китеп жарманкеси өтүүдө

Билим 29 Август 2025 12:10
537868942_1211103944396681_3908726804397059374_n.jpg
539278123_1211103844396691_6758709181552351461_n.jpg
539439721_1211103841063358_2526894352594691413_n.jpg
539940176_1211103921063350_2460980165721729601_n.jpg
540007380_1211104044396671_5346095972149960192_n.jpg
540496209_1211104027730006_861178236255285374_n.jpg
540966440_1211103847730024_4208070869231720909_n.jpg
540979159_1211104037730005_1004554012205711279_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 29.08.25. /Кабар/. Жаңы 2025-2026-окуу жылын утурлай өлкөнүн бардык аймактарындагы жалпы билим берүү уюмдарында “Китеп жарманкеси” өткөрүлүүдө.

Агартуу министрлигинен билдиришкендей, жарманкеге окуучулар жана ата-энелер жигердүү катышууда.

Анда мурда колдонулган, 2025-2026-окуу жылында билим берүү процессинде пайдаланууга уруксат берилген окуу китептери символикалуу баада сатыкка чыгарылып, китепке муктаж болгон ата-энелер менен окуучулардын өз ара китеп алмашуусуна шарт түзүлүүдө.

Белгилей кетсек, быйыл республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9-класстар үчүн "Англис тили" предмети боюнча жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстер 1,9 млн нускада басылып чыкты. Жакынкы айларда 1, 2, 5, 7-класстар үчүн "Математика", "Табият таануу" предметтери боюнча жаңы муундагы окуу китептери 1,3 млн нускада басылып чыгат. Ал эми бардык предметтер боюнча жаңы муундагы окуу китептери үч жылдын ичинде даярдалып, жетиштүү санда нускаланат. Жаңы китептер жарык көргөнгө чейин билим берүү процессинде колдонууга уруксат берилген кээ бир эски китептерди убактылуу колдонууга туура келет.

Эске сала кетсек, Билим берүү жана илим министрлигинин 2025-жылдын 24-июнундагы № 716/1 буйругу менен Кыргызстандын окутуу кыргыз, орус, өзбек, тажик тилдеринде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдары тарабынан колдонулушуна уруксат берилген окуу китептеринин тизмектери бекитилген.

Тизмектердин электрондук версиясы министрликтин расмий сайтына жайгаштырылган: https://edu.gov.kg/posts/4273/