Тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн – ӨКМ

Коом Загрузка... 16 Май 2025 13:03
1.jpg
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек, 16.05.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 18-19-майда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Андыктан ӨКМ бул күндөрү тоолордо, кооптуу аймактарда эс алуудан алыс болууга чакырат жана сел каналдарын, арыктарды тазалап, суунун тоскоолдуксуз өтүшүнө шарт түзүү керектигин эскертет.