Өлкөнү өзгөрткөн чечимдер: Бардык багытты кучагына алган өсүш

Аналитика 9 октябрь 2026 18:40
Өлкөнү өзгөрткөн чечимдер:  Бардык багытты кучагына алган өсүш

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Кыргызстан түп-тамырынан бериши өзгөрүүсү керектигин өлкө калкы 2020-жылдын күзүндө чечкен. Бийликке эң көп добуш менен Садыр Жапаров келип, алгач саясий багыт такталды. Андан соң экономиканын өсүшү камсыздалып, бул өсүш мамлекеттин ички жана тышкы өнүгүүсүнө пайдубал болуп берди. Акыркы беш-алты жылдагы өзгөрүүлөрдү бирден саноо мүмкүн эмес, алар бардык багыттарды камтыды. Ар бир багыт боюнча жетишкендиктер арасынан негизгилерин иргеп алган күндө да, калгандарынын мааниси кемибейт. Эгер миллиондогон тышкы инвестициялар жалпы Кыргызстан үчүн маанилүү болсо, Зардалыда курулган 18 чакырым кыска жол менен 30 метрлик көпүрө Баткен чегиндеги азганактай эл үчүн өтө маанилүү.

Эксперттер акыркы жылдардагы өзгөрүүлөрдү бир нече багыттын алкагында кароо керектигин белгилеп келишет. Анткени реформалардын жыйынтыгындагы өзгөрүүлөр өз ара тыгыз байланышкан. Алсак, мамлекеттик башкаруудагы реформалар чечимдердин тез кабыл алынышына шарт түздү. Бул өз кезегинде Кумтөрдү кайтаруу, салыкты кайра куруу сымал экономикалык чечимдерди ишке ашырууга жол ачты. Ал эми экономикадан түшкөн каражат түз эле социалдык тармакка жумшалууда.

Кыргызстандын саясий архитектурасы толугу менен өзгөрдү

Өзгөрүүлөрдүн башында, албетте, башкаруу системасынын түп-тамырынан өзгөрүүсү турат. Кыргызстан парламенттик-президенттик эксперименттерден баш тарып, толук кандуу президенттик башкарууга өттү. Өкмөт башчысы кызматы жоюлуп, президент аткаруу бийлигин түз жетектеп, министрлер кабинетинин курамын өзү аныктай турган болду. Бул кадам өлкөдөгү саясий туруксуздукка жана жоопкерчиликсиз иш жүргүзүүгө чекит койду. Бийлик чечимдери өтө ыкчам кабыл алына баштады. Парламент партиялардан жана бир мандаттуу округдардан куралды. Шайлоону өткөрүүдө электрондук технологиялар киргизилип, добуш сатып алууну алдын алуу жана шайлоочулардын активдүүлүгүн жогорулатуу боюнча натыйжалуу ыкмалар колдонулууда Мамлекеттик башкарууда ири масштабдуу өзгөрүү - өлкө тарыхында биринчи жолу айыл аймактары жана шаарлар ирилештирилди. Бул реформа бюрократияны азайтууга, бюджеттик чыгымдарды үнөмдөөгө жана аймактарды натыйжалуу башкарууга багытталган. Ошол эле убакта аймактарды өнүктүрүү туурасында айта кетпесек болбойт. Акыркы жылдары Кыргызстан Эгемендик күнүн улам бир облуста белгилеп, бир жыл бою ошол регион жетекчилигине өзгөчө жоопкерчилик тагылууда. 2026-жылы Талас облусу кандай өзгөргөнүнө баарыбыз күбө болдук. Кезекте бийик тоолуу Нарын жергеси.

Кумтөр кайтарылып, экономикалык эгемендик бекемделди

Канадалык "Центерра Голд" компаниясы менен талаш-тартыштардан кийин 2022-жылы Кумтөр алтын кени толугу менен Кыргызстандын менчигине өттү. Бул кадам президент Садыр Жапаровдун негизги саясий убадаларынын бири болгону маалым жана анын калк арасындагы аброюн болуп көрбөгөндөй көтөргөнү талашсыз. Эң негизгиси, Кумтөрдөн түшкөн киреше мамлекеттик ири долбоорлорду каржылоого жана бюджетти толтурууга негизги булак болуп калды. Дагы бир жагдай, Кыргызстан эл аралык деңгээлде өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын коргой аларын далилдеди. Ал эми Кумтөрдөн бюджетке түшкөн төлөмдөр 2021–2025-жыл аралыгында 5 млрд 115 млн доллар болду. Салык катары алтын кени 1 млрд доллар төлөдү.

Чек ара маселелери толук чечилди

Көптөгөн жылдар бою Өзбекстан жана Тажикстан менен чечилбей келген чек ара маселелери Садыр Жапаровдун тушунда чечкиндүү кадамдар менен жайгарылды. Бүгүн Кыргызстандын күн тартибинде бул көйгөй жок. Ал эми үч өлкөнүн эң оор шарттарда кабыл алган саясий чечими бүткүл Борбор Азиянын маанайын өзгөрттү. “Борбор Азия плюс” форматы пайда болуп, чөлкөм тышкы дүйнө менен бир тилде, тең ата деңгээлде сүйлөшө баштады. Азыр региондун өлкөлөрү коңшулар эле эмес өнөктөштөр дагы.

Экономика өстү

Консолидацияланган бюджет 2020-жылы 300 млрд сомдун тегерегинде болсо, 2025-жылы 1 трлн 101 млрд сомго жетти. Ал эми ИДПнын жалпы көлөмү алты жыл мурун 8,3 млрд долларды түзсө, 2025-жылы 22,6 млрд доллардан ашты. Салыктан киреше 2020-жылы – 78 млрд сом болсо, 2025-жылы – 304,3 млрд сомго жетти. Бажы кирешелери болсо дээрлик 6 эсе өстү. 2020-жылы бажычылар 28,9 млрд сом жыйнаса, 2025-жылы 157,4 млрд сомго чыкты. Салыктык эмес кирешелер 8-9 эсе көбөйгөн. 2026-жылы консолидацияланган бюджет 1 триллион 200-300 миллиард сомго жетери күтүлүүдө.

Салык жана бажы реформасы

Салыктар республикалык бюджеттин жалпы кирешесинин 70-80 пайызын түзөт. Салык жана чек арадагы бажы иштеринин автоматташтырылуусу, санарип платформаларга өтүп, адам факторунун жоголуусу негизги ролду ойноду десе болот. Айтмакчы, Борбор Азиядагы эң ири базарлар болгон “Дордой” жана “Кара-Суу” баштаган соода аймактары патенттик системадан кассалык аппарат, электрондук эсептерге өткөнүн белгилей кетели. Бул реформа соодагерлердин, айрым бизнестин нааразычылыгы менен коштолгонуна карабай, бийлик көмүскөдөгү ири каражаттарды расмий жүгүртүүгө чыгарды.

Коррупцияга каршы аёосуз күрөш

Коррупцияга каршы күрөш акыркы 5-6 жылда мамлекетке зыян келтиргендердин каражаттарын, мыйзамсыз алынган жерлерди, мамлекеттик мекеме, объекттерди бюджетке кайтаруу менен коштолууда. Бул арада бийлик менен тамырлашып кеткен уюшкан кылмыштуу топтордун, криминалдык төбөлдөрдүн таасири жана алардын бизнес-империялары толугу менен талкаланды. Коррупция жана криминалга каршы күрөш коопсуздук жана инвестициялык климат үчүн чоң жетишкендик.

Тышкы саясаттагы прагматикалык багыт

Президент Садыр Жапаровдун тушунда Кыргызстандын тышкы саясаты сылык-сыпаа пикир алышуулардан конкреттүү демилгелерге өтүп, инвестиция тартууга өзгөчө басым жасалууда. Өлкө Россия, Кытай, Түркия, Европа биримдиги жана АКШ менен мамилелерин тең салмакта жүргүзүп жаңы деңгээлге көтөрдү. БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы Кыргызстанды эл аралык тагдыр чечүүчү иштерге аралашуусуна өбөлгө түздү. Ушул эле БУУнун алкагында биздин президенттин демилгеси менен “Тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдыгы” жарыяланган. 2026-жылдагы ШКУнун 25 жылдык мааракелик саммитин уюштуруу менен 20 чакты президентти жогорку деңгээлде кабыл алып, талкуу мейкиндигин түзүп бергени өзүнчө бир эл аралык аброй алып келди. Ал эми Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары эл аралык коомчулукту Кыргызстанды дүйнөлүк картадан табууга мажбур кылды.

Социалдык саясат: маяна, пенсия, жөлөк пулдар жана мамлекеттик ипотека

Жапаровдун бийлигинин негизги багытынын бири өлкө жарандарынын бакубаттуулугун жогорулатуу. Акыркы жылдардагы өзгөрүүлөр арасынан маянанын көбөйгөнү факт. 2021-жылы өлкөдө орточо айлык акы 19 333 сомду түзсө, 2026-жыл номиналдык эсептелген орточо айлык 54 864 сомго жетти. Бул дээрлик 3 эсеге жакын өсүш. Өсүш бардык тармактарда бирдей болбогондуктан каражат муктаждыктарга жараша даректүү бөлүштүрүлүүдө. “Балага сүйүнчү” сыяктуу жөлөк пулдар жана жаш балдарга берилүүчү өзгөчө социалдык төлөмдөр өзүнчө эсептелип, көбөйтүлдү. Ал эми улуу муунга болгон камкордук акчалар менен бекемделди. Пенсия 2021-жылдан бери эки эседен ашык көбөйдү. 2021-жылы орточо пенсия 6 248 сом болсо, быйыл бул көрсөткүч 12 898 сомго жетти. Бул кубанычтуу өзгөрүү өлкөдөгү 826 миңден ашык пенсионердин жашоо шартын жакшыртууга түздөн-түз таасирин тийгизди. Башкаруу тутумундагы реформалар жана Кумтөр сыяктуу ири экономикалык долбоорлордун натыйжасы дал ушундай жол менен ар бир жарандын капчыгына жана үй-бүлөлүк бюджетине реалдуу киреше катары кайтып жатат.

Ушул жерден социалдык турак жай программасын белгилей кетүү керек. Мамлекет өзү көп кабаттуу үйлөрдү куруп, жарандарга узак мөөнөткө (15-25 жылга) өтө төмөн же үстөгү жок пайыз менен түз берип жатат. "Менин үйүм" программасынын алкагында Бишкек жана башка аймактарда миңдеген батирлүү комплекстер массалык түрдө курула баштады. Бул реформа өлкөдөгү эң натыйжалуу социалдык программалардын бири болуп деп таанылды.

Инвестиция жана масштабдуу курулуштар: инфраструктура, энергетика, социалдык объекттер, өндүрүштөр

Жогоруда аткарылган иштердин бардыгы Кыргызстандын инвестициялык аба ырайын жакшыртып, алардын ишенимин кайтарууга жол ачты. 2021-жылы чет элдик түз инвестициялардын агымы 1 млрд доллар чегинен ашса, 2025-жыл 1,31 миллиард долларлык инвестиция агымы менен тарыхта калды. Ал эми 2026-жылдын тогуз айында түз инвестициянын агылып кирүүсү 709 млн доллардан ашты. Акыркы жылдардагы инвестициялык жигердүүлүктүн эсебинен ондогон жылдардан бери кагазда калып келген Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу иш жүзүндө курулуп жатат. Камбар-Ата-1 ГЭСинин негизги курулушуна кызуу даярдыктар жүрүп жатат. Ысык-Көлдө чөлкөмдө жок тоо лыжа курорту салынууда. Бул долбоорлор өлкөнү транспорттук туңгуюктан чыгарып, геосаясий жана энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылат. Бул Садыр Жапаровдун командасынын узак мөөнөттүү стратегиялык пландарга басым жасап жаткандыгынын далили. Курулуштар экономика, башкаруу, билим берүү, медицина, туризм, спорт, маданият тармагында да жүрүп жатат. Алардын жаркын мисалдары “Ырыс Ордо”, “Бишкек Арена” жүздөгөн мектептер жана өнөр жайлар. Бул тизмеге курулуп, оңдолуп жаткан жолдорду да кошо кетели.

Аскердик кубаттуулукту бекемдөө

Бир нече жыл мурунку Баткендеги чек ара окуяларынан кийин бул багыт мамлекеттин эң башкы приоритетине айланды. Алты жылдык убакыт өлкөнүн коргонуу жөндөмдүулүгүн жана аскердик кубатын бекемдөө үчүн жетиштүү мезгил экенин көрдүк. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу чет жактан жардам катары эмес, түз эле мамлекеттик бюджеттин эсебинен заманбап курал-жарактар сатып алынды. Армиянын карамагына "Байрактар", "Акынжы" учкучсуз учактары, зооттолгон оор техникалар жана абадан коргонуу системалары киргизилди. Бул биздин өлкөнүн мүмкүнчүлүгүн коңшулардыкы менен теңдеди.

Экономист Насирдин Шамшиев жогоруда кеп кылынган экономиканын бир катар багыттарындагы өзгөрүүлөрдү кенен талдоого алды. Ал учурдагы өзгөрүүлөрдүн башында башкаруу системасынын президенттик форматка өтүүсү жана чечим кабыл алуунун борборлоштурулуусу турат деген пикирде. Анын негизинде жүргүзүлгөн кийинки реформалар бүгүн аты аталып жаткан өзгөрүүлөргө алып келген.

“Экономикалык өсүштү алсак, ИДПнын көлөмү 2019-2020-жылдары 639 млрд сом эле. 2025-жылы 2 триллионго жакындады. Быйыл, 2026-жылы 2 триллиондон ашат деп ойлойм. Ал эми курулуштагы секирик, айыл чарбасы жана өнөр жайдагы динамикалык өсүш менен бирге, узак мөөнөттүү туруктуу инвестицияларды тартуучу башкы кыймылдаткычка айланып, келечектеги ИДПнын пайдубалын түптөп жатат.
2021-жылга салыштырмалуу бюджеттин кирешеси 3 эсе өстү. Быйыл да каражат көбөйөрү күтүлүүдө. Ошонун арты менен канчалаган инфраструктуралык долбоорлорду, энергетика, мектеп, медициналык багыттагы жолдорду курууга мүмкүн болууда. Ири ГЭСтерге бюджеттен каражат каралып, өлкөнүн энергетика секторунда болуп көрбөгөндөй ири жаңылануулар ишке ашты. Өлкөнүн башкы энергетикалык жүрөгү болгон Токтогул ГЭСинин 4 агрегаты тең толук жаңыланып, кубаттуулугу 1200 МВттан 1440 МВтка чейин жетти. Үч-Коргон ГЭСин реконструкциялоо иштери аяктоо алдында туруп, жалпы кубаттуулукту 180 МВттан 220 МВтка чейин жогорулатууда. Өнөр жай менен курулуштун кескин өсүшү электр энергиясына болгон муктаждыкты арттырып, жалпы керектөө 2019-2021-жылдардагы 15 миллиард кВт/сааттан учурда 19 миллиард кВт/сааттан ашты. Ушул себептүү пайда болгон 4 миллиард кВт/саатка жакын энергетикалык тартыштыкты жоюу үчүн мамлекет тарабынан Бала-Саруу ГЭСи баш болгон 20дан ашык чакан ГЭСтердин курулушу аяктады, күн жана шамал энергия булактары ишке киргизилүүдө. Ошондой эле аймактагы эң ири Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу кагаздан практикалык ишке аша баштады. Бул кадамдар өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгынын бекем пайдубалын түптөөдө”, - деди Насирдин Шамшиев.

Экономикалык өсүштүн жана реформалардын башкы көрсөткүчү - жөнөкөй жарандын турмуш деңгээли. Бул тууралуу саясат таануучу Тимур Саралаев өзүнүн аналитикалык корутундуларында баса белгилеп келет. Анын пикиринде, ар кандай өзгөрүүлөрдүн акыркы натыйжасы ички дүң продукциянын кургак сандары менен эмес, жаңы жумуш орундарынын түзүлүшү, калктын кирешесинин өсүшү, ошондой эле сапаттуу билим берүү, медициналык тейлөө жана мыйзам үстөмдүгүнүн иш жүзүндө камсыз кылынышы менен өлчөнүшү керек.

“Президент Садыр Жапаров бийликке келгенден берки убакытка көз чаптырсак бүгүнкү күнгө карата олуттуу өзгөрүүлөр болду. Мен аларды бир нече деп чектебейт элем. Анткени мамлекеттик башкаруу, экономика, өндүрүш, инфраструктура жана социалдык тармактардагы өзгөрүүлөр бири-бири менен тыгыз байланышта. Алгач мамлекеттик башкаруу системасы президенттик башкаруу формасына өтүү менен чечим кабыл алуу жана аны ишке ашыруу механизмдери кайра түзүлдү. Мунун натыйжалуулугун мамлекеттик органдардын ишинин сапаты, жоопкерчилиги жана коом алдындагы ачыктыгы аркылуу баалоо зарыл деп эсептейм.
Кумтөрдүн мамлекетке өтүшү тарыхый бурулуш болду. Муну менен катар, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун жана Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу сыяктуу ири стратегиялык долбоорлор өлкөнү транспорттук жана энергетикалык көз карандысыздыктан чыгарат. Мындай масштабдуу ички экономикалык ийгиликтер мектеп, бала бакча сыяктуу социалдык объекттерди көптөп курууга түз жол ачып, мамлекеттин узак мөөнөттүү өнүгүүсүнүн бекем пайдубалын түптөп жатат.
400гө жакын жаңы мектеп жана 150дөй бала бакчанын курулушу, ошондой эле жүздөгөн кошумча социалдык объекттер - бул жөн гана сандар эмес, өлкөнүн келечегине жана адамдык капиталына салынган эң чоң стратегиялык инвестиция.
Өзгөрүүлөрдүн жыйынтыгы акырында жөнөкөй жарандын жашоосу менен өлчөнөт деп ойлойм. Ал экономиканын өсүшү, жаңы жумуш орундарынын түзүлүшү, калктын кирешесинин жогорулашы, сапаттуу билим берүү, медициналык тейлөө жана мыйзамдын бирдей иштеши”, - деди Тимур Саралаев.