2020-жылдагы октябрь окуяларына быйыл 5 жыл толду. Тарых үчүн 5 жыл – бул бир гана көз ирмем. Бирок ошол учурдагы кырдаал өзүнүн жүрүшү жана мазмуну менен тарыхта кала турган маанилүү окуя болуп калды. Бүгүн президент Садыр Жапаров үчүн ал күндөрдү эстөө – өзгөчө мааниге ээ. Себеби ал учурда кырдаал күн сайын өзгөрүп, өлкөнүн тагдыры бычактын мизинде турган.
Абал кайсы жакка ооп кетери белгисиз болуп, бийлик үчүн ички саясий күчтөрдүн тирешүүсү жана сырткы басым күчөп турган учур эле. Дал ошол маалда элдин “Садыр Жапаров!” деп кыйкырган ураандары шаардын көчөлөрүндө жаңырып, азыркы президентке дем-күч берген.
«Эл мени акыркы үмүт катары көрдү. Эгер мен дагы ишенимди актабасам, Кыргызстан акырындык менен жок болуп кетмек», – деп белгиледи Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде.
Алгач башаламандыкты, саясий бөлүнүүнү токтотуу керек эле. Садыр Жапаров кырдаалды акырындык менен турукташтырууга жетишип, андан соң мамлекеттик башкаруунун жаңы системасына өтүү жана Конституцияны реформалоо процесси башталган. Ошол учурда дагы деле скептиктер жана ишенбегендер болгон. Бирок системалуу өзгөрүүлөр оң натыйжа берип, өлкө чыңдалып, экономикалык кыйынчылыктарды жеңип, өнүгүү жолуна түштү.
Эксперттер белгилегендей, Садыр Жапаров үчүн бийлик максат эмес болчу. Анын башкы максаты – креслого отуруу эмес, өлкөнү өзгөртүү, депрессиялык абалдан чыгаруу жана элди бириктирүү болгон. Бүгүн Кыргызстанда такталган максаттар жана аларга жетүү пландары бар. Чынында эле, 2020-жылдын октябрынан бери өлкө жаңы нукта калыптанып, бул процессти эволюциялык уландысы бар революция деп атоого болот. Дал ушул ыкма тез жана сапаттуу өзгөрүүлөргө жол ачты.
Тарых илимдеринин доктору, коомдук жана саясий ишмер Зайнидин Курманов белгилегендей, Садыр Жапаров бийликке өтө оор учурда келген.
«Анда элдин көбү айланасында деградация күчөп, кырсык жакындап келатканын көрүп турган. Ал учурда бийликти же жинди, же өлкөнү тоноп, талкалоону каалаган гана адам алгысы келмек. Ошол башаламандыкта өнүгүү тууралуу сөз кылуу мүмкүн эмес болчу. Кандайдыр бир келечек тууралуу ойлонуу да кыйын эле. Мына ошол шартта Садыр Жапаров бийликти өз колуна алган», – дейт Курманов.
Жаңы жетекчиликтин ишмердүүлүгү натыйжасын берип, өлкө келечекке үмүт менен карай баштады. Кыргызстан Конституциялык реформа аркылуу президенттик башкаруу формасына өттү. Эми мамлекет башчысынын премьер-министр же министрлер сыяктуу чектөөлөрү жок, аларды кызматтан кетирип, иштеги кемчиликтерди аларга шылтап коюуга болбойт. Өлкөдө иштер жакшыбы же жаманбы, бул үчүн жеке жоопкерчиликти президент көтөрөт. Бардык жакшы жана жаман жактары – бул анын жетишкендиги. Иш жакшы болсо да, жаман болсо да, жоопкерчилик президенттин мойнунда. Бардык жетишкендик же кемчилик анын аты менен байланышат.
Мурдагыдай жашоо болбошу керек экенин коом да, бийлик да түшүндү. Эгер добуш сатып алуу, пара берүү, туугандарга добуш берүү сыяктуу көрүнүштөр уланса, эч нерсе өзгөрбөйт. 40–50 жылдан кийин Кыргызстан толук ыдыроо коркунучуна туш болушу мүмкүн.
«Балким, ал учурда биз акыркы мүмкүнчүлүктү колдондук. Азыр болсо мүмкүнчүлүктөр арбын. Эми бизге экономиканы, юриспруденцияны, саясатты жакшы билген, чет тилдерди өздөштүргөн, сапаттуу билим алган, шайлоодо жеңишке жетише ала турган жаңы лидерлер керек. Туугандарга добуш берүүнүн эмнеге алып келгенин көрдүк. Бул сөздү мен алдыдагы парламенттик шайлоого байланыштуу айтып жатам», – деди Зайнидин Курманов.
Саясий илимдердин доктору Токон Мамытовдун айтымында, акыркы беш жылда Кыргызстан саясий, башкаруу, экономикалык жана коомдук трансформациялардын бир нече этабын баштан өткөрдү.
«Бул мезгил өлкөнүн тарыхында бурулуш учур болду. Президенттик башкаруу формасына өттүк. Министрлер кабинетинин иши жана өлкөдөгү жалпы абал үчүн мамлекет башчы жооп берет. Институтташкан коррупция системасы демонтаждала баштады.
Экономикалык өзгөрүүлөр да өз жыйынтыгын берүүдө. Өкмөт грант сураган практиканы токтотуп, ички резервдерди мобилизациялоо жолуна өттү. Тышкы карызды башкаруу системага салынып, жаңы карыздар кайтарымдуу негизде, коммерциялык долбоорлор үчүн гана алынууда.
Энергетика, жол куруу жана тоо-кен өнөр жайы сыяктуу тармактарда ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашууда. Шайлоо мыйзамдарына реформа жүргүзүлүп, добуш берүү системасы автоматташтырылды. Адам фактору азайып, чет өлкөдө жүргөн жарандарга да добуш берүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
Акыркы беш жылда Кыргызстан мамлекеттүүлүгүн жоготуу коркунучун жеңип, көз карандысыз мамлекет катары жашай аларыбызды далилдеди. Башкаруунун натыйжалуулугу жогорулап, ички ресурстарга таянган экономикалык модель калыптанууда. Эң башкысы — бийлик коомдук ишенимди кайтарып, адилеттүү жана жоопкерчиликтүү саясат жүргүзүп жатат», – деп белгиледи Токон Мамытов.
Эксперттер Кыргызстан кыска убакыт ичинде олуттуу реформалардан өткөнүн белгилешет. “Мурунку менен азыркынын” ортосундагы айырма ушунчалык чоң болгондуктан, өлкөнүн өнүгүүсү, атүгүл скептиктерди да ишендирди. Кыргызстан азыр динамикалуу түрдө алдыга жылып, туруктуу экономикалык өнүгүүгө ээ болууда.