Өлкөнү мунай заттары менен үзгүлтүксүз камсыздоо маселеси каралды

Министрлер кабинети 1970 23 Июль 2026 15:50
6a61ddf703699 (1).jpeg
6a61ddf28fd95 (1).jpeg
6a61de02b8444.jpeg
6a61de01e3a00.jpeg
6a61de0182259.jpeg
Алдыга
Артка
6a61ddf703699 (1).jpeg
6a61ddf28fd95 (1).jpeg
6a61de02b8444.jpeg
6a61de01e3a00.jpeg
6a61de0182259.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 23.07.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөдөгү күйүүчү-майлоочу май маселелерине байланыштуу жыйын өткөрдү. 

Отурумда негизинен өлкөнүн ички рыногун мунай заттары менен камсыздоо каралып, анда күйүүчү-майлоочу май рыногундагы учурдагы абал, мунай заттарын импорттоо, зарыл болгон коруктарды камсыздоо, тарифтерди жөнгө салуу, мамлекеттик субсидиянын берилиши сыяктуу иштердин аткарылышы боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын жана уюмдардын жетекчилеринин маалыматы угулуп, талкууланды. 

Жыйындын соңунда минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев отурумдун катышуучуларына өлкөнү мунай заттары менен үзгүлтүксүз камсыздоо, абалдын мониторингин күчөтүү, өлкөдөгү мунайды кайра иштетүүчү заводдорду модернизациялоо иштерин күчөтүү жана зарыл болгон чараларды өз убагында көрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.