Бишкек, 16.04.26 /Кабар/. Өлкөгө мыйзамсыз товарларды алып кирүүгө бөгөт коюлду.
Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрмө пунктунда рейддик иш-чаралар өтүп, анда эл керектөөчү товарларды өлкөгө мыйзамсыз алып кирүү фактылары аныкталды.
Текшерүү учурунда ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген кичи автобустардан тиешелүү коштомо документтери жок кир жуучу каражаттар, кондитердик азыктар жана ар түрдүү тамак-аш продукциялары табылган.
Аталган фактылар боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, учурда эсепке алынбаган товарлардын жалпы баасы аныкталууда.