Өлкөгө келген жемиштердин баары текшерүүдөн өткөрүлөт - Айыл чарба министрлиги

Коом Загрузка... 02 Апрель 2025 16:18

Бишкек, 02.04.25. /Кабар/. Өлкөгө келген жер-жемиштердин баары текшерүүдөн өткөрүлөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, акыркы күндөрү социалдык тармактарда сырттан импорттолуп келген картошкада жогорку деңгээлдеги нитраттар бар деген такталбаган маалыматтар тарап жатат.

"Бул чындыкка дал келбейт. Себеби, импорттолгон жер-жемиштерди Кыргызстандын чек арасынан өткөрүү учурунда сөзсүз түрдө Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантини департаментинин фитосанитардык көзөмөлүнөн өтөт.

Адистер ар бир келген партияны (картошка) кылдат текшерип, фитосанитардык нормаларга шайкештигин камсыздайт. Бардык импорттук айыл чарба продукциясы лабораториялык анализден өтүп, коопсуздугу текшерилет. Фитосанитардык көзөмөл күчөтүлгөн режимде иштеп, Кыргызстандын рыногуна коопсуз жана сапаттуу продукция гана киргизилет",- деп айтылат маалыматта. 

Министрликтен белгилешкендей, ошондой эле айыл чарба продукциялары базарга келип, аны элге сатуудан мурда Ветеринардык кызматтын адистери да ар бир жер-жемиштеги нитраттын өлчөмүн текшерет. Мисалы, картошканын курамында нитрат көбүрөөк болсо лабораторияга жиберилип, кошумча изилдөө жүргүзүлөт. Андай учурда картошканы элге сатууга тыюу салынат. Ошондуктан, жарандарды жалаң гана расмий булактарга ишенүүгө чакырабыз жана жалган маалыматтарды таратпоого үндөйбүз.