Өлкөгө келген ар бир дары тиешелүү текшерүүдөн өткөрүлөт – Талант Султанов

Ден соолук 13 ноябрь 2025 17:32
Өлкөгө келген ар бир дары тиешелүү текшерүүдөн өткөрүлөт – Талант Султанов
copyright icon KABAR Кабар

Бишкек, 13.11.25 /Кабар/. Өлкөгө алып келинген ар бир дары-дармек тиешелүү текшерүүдөн өткөрүлүп, бардык талаптарга жооп бергенден кийин гана таратылат. Бул тууралуу “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынын директору Талант Султанов “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, дары-дармектин сапаты түздөн-түз жарандардын ден соолугуна таасир этет. Мындан улам катуу көзөмөл талап кылынат.

“Өлкөгө кирген ар бир дары сөзсүз текшерилет. Бул үчүн атайын түзүлгөн Дары-дармектер жана медициналык техника департаменти иш алып барат. Алар дарынын клиникалык практикада колдонулушун, сапатын, сертификаттарын жана документтерин кылдат текшеришет. Бардык талаптарга жооп бергенден кийин гана дары катталып, рынокко чыгарылат”, - деди Султанов.

Ал кошумчалагандай, бул механизм элдин саламаттыгын коргоодо негизги роль ойнойт жана дары-дармектердин коопсуздугун камсыз кылат.