Өлкөдөгү 12 жылдык билим берүү. Жаңы окуу жылында кандай өзгөрүүлөр болот?

Билим Загрузка... 01 Сентябрь 2025 17:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Быйылкы, 2025-2026-окуу жылы Кыргызстанда билим берүү тармагы үчүн тарыхый учурга айланды. Ушул жылдан тарта расмий түрдө 12 жылдык билим берүү системасы күчүнө кирди. Бул кадам өлкөдөгү билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, дүйнөлүк талаптарга шайкеш келүү жана жаш муундардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттыруу максатын көздөйт.

Агартуу министрлигинин балдарды мектепке каттоо боюнча https://1mektep.edu.gov.kg/ru/statistics порталындагы маалыматка ылайык, 1-2-класстар үчүн бардыгы 308 миңден ашык орун түзүлгөн. Анын ичинен 1-класска 96 миң 429, ал эми 2-класска 115 миң 454 бала кабыл алынган. Ошондой эле 96 миңден ашык бош орундар бар экени көрсөтүлгөн.

Бекитилген “Алтын казык” программасынын алкагында 1,5 миллиондон ашык окуучу окуган өлкөдөгү 2 миң 394 мектеп 12 жылдык билим берүүгө кадам таштап, мындан ары этап-этабы менен иштер жүрөөрүн Агартуу министрлигинин мектептик билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Амангелди Сыдыбаев “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирди.

“Алтын казык” программасынын негизинде 2018-жылы туулган балдар 2-класска, ал эми 2019-жылкылар 1-класска барышты. 480 сааттык “Наристе” программасынан өткөн 2019-жылы туулган балдар 2-класска барышты. 12 жылдык программанын алкагында жаңы мамлекеттик жана предметтик билим берүү стандарттары бекитилди. Ошого ылайык, республика боюнча 10 миңдеген педагогдор окуулардан өтүштү. Өлкөдөгү 2 миң 170 мектеп мамлекеттик жана муниципалдык болсо, 224 жеке менчик мектеп болуп саналат. Жеке менчик мектептердин көпчүлү Бишкек шаары менен Чүй облусунда жайгашкан. Учурда 93 миңден ашуун мугалим жайкы эс алуудан кийинки жаңы окуу жылында өз ишин баштады”,- деди Сыдыбаев.

Белгилей кетсек, жаңы билим берүү моделинде 1-6-класстар башталгыч, 7-8-9-класстар негизги орто, ал эми профилдик билим берүүгө негизделген орто жалпы билим берүүчү 10-11-12-класстар эсептелет. Мындагы негизги максат – балдарга заманбап көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жана кесипке даярданууга көбүрөөк убакыт берүү.

Кыргызстандагы буга чейинки 11 жылдык билим берүү системасы совет мезгилинде калыптангандыктан, көптөгөн эл аралык стандарттардан артта калып, азыркы замандын талаптарына толук жооп бербей келгендиги баарыбызга маалым.

Бул жыл өзгөчө – өзгөрүүлөрдүн, жаңылануунун жана өнүгүүгө умтулуунун жылы болуп, өлкөбүз көз карандысыздыгынын 30 жылында биринчи жолу билим берүү тармагында системалуу жана масштабдуу реформаларга баргандыгын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Билим күнүнө карата кайрылуусунда билдирди.

“Бүгүн биз бүткүл билим берүү системасын жана анын негизги бөлүгүн масштабдуу трансформациялоонун башатында - 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүүнүн шарттарында биринчи окуу жылын тосуп жатабыз. Бүгүн абал өзгөрдү. Өлкөбүздүн Президентинин тапшырмасы менен биринчи жолу жаңы муундагы окуу китептерин массалык түрдө басып чыгарууга 744 млн сом бөлүндү. Биринчи жолу биз быйылкы жылдан тартып жаңыланган программалар жана жаңы Мамлекеттик билим берүү стандарты боюнча окуу китептеринин толук топтомдорун чыгарып жатабыз”,- деди Кендирбаева.

Белгиленгендей, жаңы 12 жылдык билим берүү системасында негизги төмөнкүдөй өзгөрүүлөр болууда:

  • Окутуу жаңы Мамлекеттик билим берүү стандарты боюнча жүргүзүлөт;
  • Предметтик стандарттар жана программалар 1-12-класстар үчүн жаңыланды;
  • Жаңы муундагы окуу китептери массалык түрдө мектептерге жеткирилүүдө;
  • Кыска мөөнөттө он миңдеген педагогдор тренингдерден жана семинарлардан өтүштү;
  • Мугалимдерди “Алтын Казык” ноутбуктары менен камсыздоо;
  • Мектептерде электрондук күндөлүктөр жана санариптик платформалар түзүлдү.

Ал эми негизги жыйынтыктар катары төмөнкүлөр аныкталды:

  • Мамлекет биринчи жолу окуу китептерине, санариптештирүүгө жана кадрларды даярдоого ири суммада каражат бөлдү;
  • 90 миңден ашуун мугалим кайра даярдоонун жана окутуунун эсебинен кесиптик жаңылоонун катышуучусу болду;
  • Мектептер окуу-методикалык материалдар менен камсыз болушту.

Бүгүн, 1-сентябрь Билим күнү республиканын бардык жалпы билим берүү мектептери окуучулар үчүн өз эшигин ачып, Агартуу министрлиги тарабынан сунушталган атайын темаларда тарбиялык сабактар өтүлдү.

Бишкек шаардык билим берүү департаментинин жетектөөчү адиси Мээрим Халиалдаеванын айтымында, административдик аймактык реформанын алкагында Бишкекке кошулган аймактардагы жана жаңы конуштардагы мектептерде окуучулар үчүн бош орундар бар, ал эми шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкан мектептерде бош орундар жок.

“Бишкек борбор шаар болгондуктан, өлкөдөгү ички миграцияга байланыштуу калктын саны анын ичинде балдардын да саны көп болууда. Борбор калаадагы 119 мектепте 10 миңден ашык мугалим учурда эмгектенет. Быйылкы 2025-2026-окуу жылына 40 миңдин тегерегинде балдар 1-2-класска электрондук каттоодон өтүп, учурда мектеп босогосун атташты. Акыркы 4 жылдын ичинде борбор калаада 9 жаңы мектеп, андан сырткары 15 мектепке кошумча имарат салынды”,- деди Халиалдаева.

Ошентип, Кыргызстанда 12 жылдык билим берүү системасынын ишке кириши - бул өлкөнүн билим берүү тармагында жасаган чоң кадамы. Албетте, бул процесс узак убакытка созулуп, биргелешкен эмгекти, тынымсыз колдоо жана көзөмөлдү талап кылат. Быйылкы жаңы окуу жылынан тартып, кыргызстандык окуучулар жаңы билим берүү жолуна түштү.