Бишкек, 19.08.2025. /Кабар/. Өлкө аймагында сутка ичинде 30 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 33 күжүрмөн эсеп тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.
Алсак,
- Бишкек шаарында – 6;
- Ош шаарында – 1;
- Ош облусунда – 4;
- Чүй облусунда – 10;
- Жалал-Абад облусунда – 3;
- Ысык-Көл облусунда – 2;
- Нарын облусунда – 1;
- Талас облусунда – 1;
- Баткен облусунда – 2.
Куткаруу кызматтары тарабынан 1 чыгуу болду.