Өлкөдө жылына эхинококкоз илдетине чалдыккан 1 миң адамга операция жасалат

Ден соолук Загрузка... 04 Апрель 2025 15:55
WhatsApp Image 2025-04-04 at 11.00.14.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.04.25. /Кабар/. Өлкөдө жылына эхинококкоз илдетине чалдыккан 1 миң адамга операция жасалат. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин паразитология бөлүмүнүн башчысы Жумагүл Усубалиева билдирди.

Анын айтымында, бул Кыргызстанда эхинококкоз оорусу менен ооругандардын саны жылдан-жылга өсүп жатканынан кабар берет.

“Бул оору союз тарагандан бери эле өтө актуалдуу болуп келе жатат. Паразиттик оорулар жылдап билинбей жүрө берет. Мындан бир топ жыл мурда эхинококкоз, альвеококкоз оорулары Кыргызстанда жокко эсе болчу. Мурда өлкө боюнча жылына 300дүн тегерегинде гана операция жасалса, учурда 1 миңден өйдө операция жасалууда. Жыл башынан бери эле 139 операция жасалды. Бул оорулардын алдын алуунун башкы жолу эле гигиена, тазалык, касапканалардын эрежени сактоосу жана ит-мышык багууда дары берип, убагында дарылатып туруу. Ошону менен катар ар бир адам жылына бир жолу УЗИге түшүп турушу керек”,-деди ал.

Усубалиева белгилегендей, эхинококкоз - боордо, өпкөдө жана башка органда эхинококк деген мите курту пайда болгон оору.

“Илдет менен негизинен адамдар жана үй жаныбарлары ооруйт. Эхинококк ит, мышык, бөрү, чөө, түлкү жана башка жаныбарлардын ичегисине жабышып, өсүп жетилет да, анын денесинин акыркы бөлүкчөсү жумурткалары менен кошо үзүлүп, заң менен айлана-чөйрөгө бөлүнөт. Тегерегиндеги чөп, топурак, буюмдарды жана башкаларды булгайт. Көп жумурткалары ылаңдуу иттин жүнүнө жабышып жашайт. Алар абдан чыдамдуу келип, айлана-чөйрөдө бир нече айга чейин сакталат да, адамга жана малга жугуу коркунучу жогору. Ошондуктан сырттан келгенде, дайыма колубуз менен бетибизби жууп туруубуз зарыл”,-деди ал.