Өлкөдө жылдын мыкты тарбиячылары аныкталды - тизме

Билим Загрузка... 26 Сентябрь 2025 10:10
2.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 26.09.25. /Кабар/. 22-24-сентябрда Бишкек шаарында "Жылдын мыкты тарбиячысы" республикалык сынагы өткөрүлдү.

Агартуу министрлигинен билдиришкендей, ага республиканын бардык аймактарынан 9 тарбиячы, 7 методист, 4 мамлекеттик тил мугалими жана 6 музыкалык жетекчи катышты.

Калыстар тобу сынактын жыйынтыгын чыгарып, жеңүүчүлөрдү аныктады.

Тарбиячылар арасында:

  • 1-орунду Бишкек шаарындагы №93 «Адеми» мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы Жолдошева Айгүл Майрамбековна;
  • 2-орунду Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы №16 мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы Үмөтбекова Гүлжан Үмөтбековна;
  • 3-орунду Ош шаарындагы №35 «Асан-Үсөн» мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы Рустамова Айжан Абдылашымовна ээледи.

Методисттер арасында:

  • 1-орунга Бишкек шаарындагы №25 мектепке чейинки билим берүү уюмунун методисти Малабекова Махабат Асанкуловна;
  • 2-орунга Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы «Наристе-Сүлүктү» мектепке чейинки билим берүү уюмунун методисти Адырова Айлита Камиловна;
  • 3-орунга Ош облусунун Өзгөн районундагы «Алтын ачкыч» мектепке чейинки билим берүү уюмунун методисти Тагаева Айкөкүл Турдубаевна татыктуу деп табылды.

Мамлекеттик тил мугалимдери арасында:

  • 1-орунду Бишкек шаарындагы №162 мектепке чейинки билим берүү уюмунун мамлекеттик тил мугалими Эркалиева Оксана Чынарбековна;
  • 2-орунду Талас облусунун Талас шаарындагы №6 «Теремок» мектепке чейинки билим берүү уюмунун мамлекеттик тил мугалими Сыргакбек кызы Толгонай;
  • 3-орунду Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы «Сүлүктү Мурас» мектепке чейинки билим берүү уюмунун мамлекеттик тил мугалими Надырова Майрамгүл Кочкорбаевна багындырды.

Музыкалык жетекчилер арасында:

  • 1-орунду Чүй облусундагы «Чат-Кель колосок» мектепке чейинки билим берүү уюмунун музыкалык жетекчиси Нуркулова Асия Бектурсуновна;
  • 2-орунду Бишкек шаарындагы №13 «Тумар» мектепке чейинки билим берүү уюмунун музыкалык жетекчиси Бусалаева Елена Александровна;
  • 3-орунду Ош шаарындагы №40 «Наристе» мектепке чейинки билим берүү уюмунун музыкалык жетекчиси Ибраимжанова Элмира Исраилжановна ээледи.

Конкурстун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи Мугалимдер күнүнө карата 2025-жылдын 4-октябрында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөрүлөт.