Бишкек, 14.10.26. /Кабар/. Кыргызстанда 2026-жылдын 10-октябрына карата 1 668 чакырым автомобиль жолуна асфальт төшөө иштери аяктады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков билдирди.
Анын айтымында, 2026-жылы республикалык бюджеттин капиталдык салымдар беренесинин эсебинен жол куруу иштерине 35 млрд 505 млн сом бөлүнгөн.
“Учурда республикалык жана эл аралык маанидеги бир катар ири жол долбоорлорун ишке ашыруу иштери улантылууда. Алардын катарында Ысык-Көл айланма автомобиль жолу, Бишкек шаарынын түндүк айланма жолу, Чолпон-Ата шаарынын айланма жолу, Суусамыр — Талас — Тараз, Барскоон — Бедел, Нарын — Баетов, Ылай-Талаа — Гүлчө, Кара-Кулжа — Мырзаке, Ош — Кара-Суу, Барпы — Сафаровка жана Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировка автомобиль жолдору бар”,- деди Акунбеков.
Ошондой эле транспорттук тыгындарды азайтуу жана жол инфраструктурасын жакшыртуу багытында иштер системалуу түрдө жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.