Бишкек, 27.11.25. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 53 өрт кырсыгы катталды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:
- Чүй облусунда - 18;
- Бишкек шаарында - 10;
- Жалал-Абад облусунда - 7;
- Ош облусунда - 7;
- Баткен облусунда - 3;
- Ош шаарында - 3;
- Ысык-Көл облусунда - 2;
- Талас облусунда - 2;
- Нарын облусунда - 1.
Тилсиз жоону өчүрүүгө 65 бөлүм тартылган.