Бишкек, 31.07.25. /Кабар/. Өлкөдө сутка ичинде 34 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 39 бөлүм тартылган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чүй облусунда 9, Бишкек шаарында 9, Жалал-Абад облусунда 3, Ош облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 3, Талас облусунда 1, Ош шаарында 2, Баткен облусунда 3, Нарын облусунда 1 өрт катталды.
Куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болгон.