Бишкек, 14.07.25. /Кабар/. Өлкөдө сутка ичинде 31 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
- Бишкек шаары – 9;
- Чүй облусу – 7;
- Жалал-Абад облусу – 7;
- Ош облусу – 5;
- Ысык-Көл облусу – 3.
Тилсиз жоону өчүрүүгө 35 бөлүм тартылган.