Бишкек, 28.07.25. /Кабар/. Өлкөдө сутка ичинде 22 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 22 бөлүм тартылган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чүй облусунда 7, Бишкек шаарында 4, Жалал-Абад облусунда 4, Ош облусунда 3, Ош шаарында 2, Ысык-Көл облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт катталды.
Куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болгон.