Бишкек, 30.09.25. /Кабар/. Өлкөдө сутка ичинде 15 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 15 бөлүм тартылган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чүй облусунда 4, Бишкек шаарында 3, Ош облусунда 3, Талас облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 1, Нарын облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт катталды.
Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болгон.