Өлкөдө сейрек жапайы келгин куштардын 400дөн ашык түрү байырлайт — Сагынбаев

Экология Загрузка... 24 Март 2025 11:41
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Бишкек, 24.03.25. /Кабар/. Азыркы учурда өлкөдө сейрек жапайы келгин куштардын 400дөн ашык түрү байырлайт. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун илимий кызматкери Сейитказы Сагынбаев радиолордун бирине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, анын ичинен 57 кызыл китепке кирген. Кыргызстанга келгин куштардын жаңы түрлөрү кыштоо үчүн келишет. Буга чейин Ысык-Көлдө экзотикалык фламинго да кыштаган.

“Биздин кышкы санакта 68 миңден ашуун куш кыштады. Канаттуулардын санагы жылына үч жолу жүргүзүлөт. Соңку учурларда алардын кескин азайышы байкалууда. Себеби, канаттуулар азыктана турган азык жок болуп жатат. Көбү канаттууларды атып, жок кылып жатышат дешет. Андай эмес. Канаттууларды эч ким аткан жок. Тескерисинче, жергиликтүү тургундар канаттууларга мурдагыга салыштырмалуу аяр мамиле жасап калышты”,-деди ал.

Сагынбаев белгилегендей, келгин куштардын өлкөгө келип кыштоосу айрым учурларда жергиликтүү тургундар үчүн кооптуу.

“Кээ бир келгин куштар өлкөгө оору алып келиши мүмкүн. Куш тумоосун мына ушул канаттуулар алып келишет”,-деди ал.