Өлкөдө салыктарды QR-код аркылуу төлөө механизми киргизилет

Экономика 1161 19 Июнь 2025 10:30
photo_14.jpg
508018133_1009259594712681_8125095057096069018_n.jpg
508482399_1009259491379358_6712590714366756285_n.jpg
508680470_1009259494712691_3496720411260589250_n.jpg
508727479_1009259521379355_3759635754962801818_n.jpg
509279936_1009259598046014_295188950415845428_n.jpg
Алдыга
Артка
photo_14.jpg
508018133_1009259594712681_8125095057096069018_n.jpg
508482399_1009259491379358_6712590714366756285_n.jpg
508680470_1009259494712691_3496720411260589250_n.jpg
508727479_1009259521379355_3759635754962801818_n.jpg
509279936_1009259598046014_295188950415845428_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Салык кызматы

Бишкек, 19.06.25. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы менен коммерциялык банктардын өкүлдөрүнүн жолугуп, салыктарды QR-код жана төлөм коду аркылуу төлөөгө өтүү маселесин талкуулашты.

Жолугушууга салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов катышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун негизги темасы 2025-жылдын 1-июлунан тартып, банктардын кассалары аркылуу салыктарды, салык органдары тарабынан башкарылган салыктык эмес төлөмдөрдү жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнү QR-код аркылуу жүргүзүү механизмине өтүү болду.

Салыктарды төлөм коду же QR-код аркылуу төлөө төмөнкүлөрдү камсыздайт:

1) Салык төлөөчүнүн төлөгөн каражаттары онлайн режиминде бюджетке түшөт;
2) Банк кассасында төлөм документтери, реквизиттерди толтурууда (кол менен толтуруу) кетчү каталар жоюлат;
3) Салык төлөөчүлөргө ыкчам жана сапаттуу кызмат көрсөтүү (банктын кассаларындагы узун кезектерди жоёт, убакытты үнөмдөйт).

Салык төлөөчү төлөм кодун же QR-кодду төмөнкү жолдор менен түзө алат:
- Салык төлөөчүнүн кабинетинде же мобилдик тиркеме аркылуу өз алдынча («Салыктарды төлөө» башкы бетинде);
- Бирдиктүү терезелерде (Ишкерлерди тейлөө борборлорунда, аймактык Салык кызматтарында).

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Салык кызматы менен банк секторунун ортосундагы өз ара байланыштарды өркүндөтүү максатында кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Белгилей кетсек, аталган жаңы өзгөрүүлөр салыктарды төлөө жана бюджетке каражаттарды онлайн режиминдеги процессин жөнөкөйлөтүү, ошондой эле, салык төлөөчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында киргизилүүдө.