Кыргызстанда төрт кабаттуу мектептерди курууга уруксат берилди

Коом Загрузка... 09 Декабрь 2025 12:30
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 09.12.25 /Кабар/. Өлкөдө мектептерди төрт кабаттуу кылып курууга уруксат берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин инфекциялык эмес ооруларды жана санитардык көзөмөлдөө башкармалыгынын жалпы гигиена боюнча адиси Мария Кушубакова бүгүн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, санитардык талаптарга ылайык, учурда мектеп имараттары үч кабаттан ашпашы керек. Бирок, эми төрт кабат курууга уруксат берилди. Бирок, төртүнчү кабатта административдик багыттагы бөлмөлөр жайгашсын деген талап бар.

“Эмне үчүн беш же алты кабат кылууга болбойт?” деген суроолор көп түшүп жатат. Бул жерде маселе коопсуздукта. Мисалы, жер титирөө, өрт же башка табигый кырсыктар учурунда балдарды эвакуациялоо кыйындайт. Мектептерде окуучулар көп болгондуктан, бешинчи кабаттан түшүүдө кыймыл жайлап, балдардын ден соолугуна зыян келиши мүмкүн. Өзгөчө кырдаал учурда бат эле түшүп кетүү мүмкүн болбой, бул жагымсыз жана кооптуу жагдайларга алып келиши мүмкүн”, - деп түшүндүрдү ал.