Билим берүү тармагы өлкөнүн өнүгүүсүнө өз таасирин тийгизе турган бирден бир тармак. Анткени, татыктуу билим алган окуучулар келечектеги жаш кадрлардын катарын толуктайт. Мындан улам учурда заман талабына жараша мектептерди модернизациялоого маани берилүүдө. 2025-жылдын декабрь айында өткөн Элдик курултайда делегаттар тарабынан билим берүү тармагына байланыштуу бир катар кайрылуу, сунуш-пикирлер келип түшкөн. Агартуу министрлиги тарабынан билим берүү тармагында аткарылып жаткан алгылыктуу иштерге “Кабар” агенттиги токтолот.

Мектептердин техникалык базасын жаңылоо
Окуучуларга дүйнөлүк өнүгүүдөн артта калбагандай, керек болсо, андан ашып кетүүгө мүмкүндүк бере тургандай билим берүү зарыл. 12 жылдык билим берүүгө өтүү реформасы менен катар эле билим берүү инфратүзүмүн жана материалдык-техникалык базаны ар тараптуу модернизациялоого өзгөчө көңүл бурулууда.
Кыргызстандын жаңы муунун дүйнөлүк атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн заманбап 12 жылдык моделге өтүү, жаңыртылган окуу китептери менен камсыздоо, XXI кылымга негизделген тиешелүү программаларды ишке киргизүүгө кадамдар жасалууда.
Жакында өлкө боюнча 220 мектеп STEM-класстар үчүн (физика, химия, география, биология) заманбап окуу-лабораториялык жабдуулар жана практикага багытталган, санариптик окутууну камсыздаган маалыматтык-коммуникациялык каражаттар менен камсыздалды. Мектептерди жабдуу иштери “Алтын казык” мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлдү.

Лабораториялык жабдуулар ар түрдүүлүгү менен айырмаланып, окуу процессинде ар кыл багыттагы тапшырмаларды аткарууга мүмкүнчүлүк түзөт. Жалпысынан 220 кластердик мектепке 5 500 комплект лабораториялык жабдуу, 220 интерактивдүү панель жана ошончо эле сандагы ноутбук берилди.
Аталган комплекттер изилдөөчү лабораториялык иштерди жүргүзүүгө, механика, электр жана магнетизм мыйзамдарын, оптикалык кубулуштарды, толкун процесстерин, суюктуктардын касиеттерин, химиялык реакцияларды жана биологиялык объекттерди изилдөөгө арналган. Жабдуулар так өлчөөлөрдү жүргүзүүгө, эксперименттик маалыматтарды каттоого жана талдоого, ошондой эле окуучулардын илимий-изилдөө көндүмдөрүн жана заманбап өлчөө технологиялары менен иштөө жөндөмдөрүн калыптандырууга шарт түзөт.
Интерактивдүү панелдер жана кубаттуу окуу ноутбуктары лабораториялык иштерди башкарууга, эксперименттердин жыйынтыктарын онлайн көрсөтүүгө, санариптик моделдерди жана симуляцияларды көрсөтүүгө, ошондой эле окуучулардын долбоордук жана изилдөө иштерин иштеп чыгууга, сактоого жана сунуштоого колдонулат.

Бул жабдууларды пайдалануу окуучулардын предметтик билими, практикалык көндүмдөрү, санариптик сабаттуулугу жана изилдөөчүлүк ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө, ошондой эле табигый-илимий багыттагы сабактарды окутуунун сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Ал эми мугалимдер үчүн окуу-лабораториялык жабдууларды жана маалыматтык-коммуникациялык каражаттарды билим берүү процессинде натыйжалуу пайдалануу боюнча тиешелүү окутуулар өткөрүлдү.
Ошондой эле “Жаңы муунга билим берүү (Next Generation Education – 2025)” долбоорунун алкагында өлкө боюнча 800 англис тили жана 400 STEM мугалимин камтыган окутуулар өттү. Ал мугалимдердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу жана сабактарды өткөрүү үчүн зарыл болгон көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталды.

Агартуу министрлиги 12 жылдык билим берүү моделине өтүүнүн алкагында жаңы муундагы окуу китептерин даярдоо максатында авторлорду жана иштеп чыгуучуларды тандоо боюнча иштерди жүргүзүүдө.
Мындан тышкары, башталгыч класстардын мугалимдери үчүн 20 286 даана “Алтын Казык” ноутбуктары тапшырылды. И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин “Технопарк” мекемесинде чогултулган ата мекендик ноутбуктардын буга чейин бир партиясы берилген.

Кийинки партияларда тарых, география жана кыргыз тили предметинин мугалимдерине берүү пландалууда.
Мектептердин жетишсиздиги көйгөйү жылдан-жылга чечилип, окуучулардын санына жараша окуу имараттары курулууда. Айрым мектептер кошумча корпустар менен толукталып жатат.
2023-жылы II Элдик курултайда Агартуу министрлигине тиешелүү 412 кайрылуу келип түшкөн. Анын ичинен 332си же кайрылуулардын 81,6%ы курулуш маселелерине байланышкан болчу. Калгандары мугалимдердин айлыгы, китеп жана башка маселелерди түзгөн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Агартуу министрлигинин Бюджет, саясат жана финансылык анализ, инфраструктура башкармалыгынын башкы адиси Венера Сапаркулова билдирди.

Ал эми министрликтин өкүлдөрү III Элдик курултайда делегаттардан 184 сунуш-пикирлерди катташкан. Анын 167си же 91%ы курулуш маселеси боюнча айтылган.
Статистикалык маалыматтарга таянсак, жогорудагы маселелерди эске алуу менен акыркы 5 жыл ичинде өлкө боюнча жалпы 508 билим берүү объектиси бүткөрүлдү. 2025-жылы эле 76 мектеп курулду жана 41 мектеп капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү.
Агартуу министрлигинин өкүлдөрү IV Элдик курултайда да делегаттарды кабыл алып, алардын маселелерин угуп, суроолоруна жеринде жооп беришкен.

Министрликтен белгилешкендей, жалпы 350гө жакын кайрылуу келип түшкөн. Алардын басымдуу бөлүгү аймактарда билим берүү уюмдарын курууга байланыштуу болгон.

Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев коллегиялык жыйында быйыл шаарда 36 мектепти куруу жана капиталдык оңдоодон өткөрүү пландаштырылып жатканын айтты.
- 20 мектеп — мамлекеттик бюджеттин эсебинен;
- 12 мектеп — Сауд өнүктүрүү фондунун каражатына;
- 1 мектеп — Россиянын колдоосу менен;
- 3 мектеп — жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулат.
Мындан тышкары, өлкө боюнча жыйырмадай мектеп курулмакчы.
Президент Садыр Жапаров IV Элдик курултайда белгилегендей, 1-апрелден тартып мугалимдердин айлыгы орточо 100 пайызга жогорулатылат. Көбөйгөндөн кийин маяналары 52 миң сомдун тегерегин түзөт.

Мугалимдердин айлыгы негизинен алардын билим деңгээлине, педагогикалык иш стажына, квалификациялык категориясына, аймактын жайгашкан жерине, окуткан сабагына жана жумалык саат жүктөмүнө жараша аныкталат.