Жакында медициналык шаарчанын курулушу башталат — минкаб төрагасы

Ден соолук Загрузка... 24 Декабрь 2025 13:15
373748_NrAampg.max-.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 24.12.25. / Кабар/. Саламаттык сактоо тармагына 2024-жылы мамлекеттик бюджеттен 36 млрд 300 млн сом жумшалганын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, республикалык бюджеттен бөлүнгөн 781,9 млн сомго 5 ири медициналык объект курулуп, аймактарда медициналык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгү кеңейди.

"Алыскы аймактарды колдоо максатында саламатык сактоо уюмдары тез жардам унаалары менен камсыздалды. Учурда 11,7 млрд сом каражат жумшалуу менен 39 медициналык мекеме курулушу жүрүп жатат. 2025-жылы капиталдык салымдар боюнча 450,5 млн сом бөлүнүп, 27 саламаттык сактоо объектиси толук бүткөрүлдү. 249 орундуу жаңы перинаталдык борборлордун курулушу башталды. Быйыл 391 млн сомго 162 медициналык жабдуу сатып алынган. Жүрөк жана ички органдарды текшерүүгө арналган 17 УДИ аппараты аймактарга жеткирилди", - деди төрага.

Белгилей кетсек, жакынкы убакытта көп тармактуу мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарын бириктирген заманбап медициналык хаб түзүү пландалып жатканын маалымдады.

"Биздин планда медициналык шаарча куруу жана көп тармактуу мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарын бириктирген заманбап медициналык хаб түзүү бар. Жакынкы убакытта бул ишти толук кандуу баштайбыз", - деди ал.

Ошондой эле эки жылда мамлекеттик бюджеттин эсебинен 45 бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалгандыгын кошумчалады.