Бишкек, 17.03.25. /Кабар/. Орозонун күнүндө мас абалында унаа башкаргандардын саны кескин азайды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 10-марттан 16-мартка чейин алдын ала маалымат боюнча, 24 280 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Анын ичинен:
- тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 718;
- мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу - 88;
- авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 109;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-357;
- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-3766;
- авто ээнбаштык 19;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу- 4883;
- жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 5;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары - 14 335;
Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 230 унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.