Өлкөдө маал-маалы менен электр жарыгын өчүрүү болбойт – Камчыбек Ташиев

Загрузка... 13 Ноябрь 2025 13:03
WhatsApp Image 2025-11-13 at 12.07.02 (2).jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 13.11.25 /Кабар/. Кыргызстанда маал-маалы менен электр энергиясын өчүрүү болбойт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев “Регион ТВ” телеканалына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли төмөн болгонуна карабастан, өлкө жылытуу мезгилин үзгүлтүксүз өткөрөт.

“Электр энергиясы жетиштүү. Бирок, биз аны үнөмдүү пайдаланууга тийишпиз. Токтогулда суу аз, өндүрүш төмөндөдү. Ошентсе да, биз бул кыштан аман-эсен чыгабыз”, - деди ал.

Ошондой эле Ташиев социалдык тармактарда тарап жаткан айрым видеолор чындыкка дал келбесин белгиледи.

“Кара ниет адамдар жарыксыз калган учурларды видеого тартып, атайлап таратып жатышат. Чындыгында бул убактылуу оңдоо иштерине байланыштуу болушу мүмкүн. Электр энергиясы өчүрүлүп жаткан жок жана системалуу өчүрүүлөр болбойт”, - деп билдирди УКМК төрагасы.