Республика боюнча өлүкканалардын абалы кейиштүү - саламаттык сактоо министри

Коом 20 июнь 2025 17:16
Республика боюнча өлүкканалардын абалы кейиштүү - саламаттык сактоо министри

Бишкек, 20.06.25. /Кабар/. Кыргызстандын өлүкканалар кейиштүү абалда. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев Жогорку Кеңештин “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, республика боюнча өлүкканалардын абалы кейиштүү.

"Биз изилдөө жүргүздүк. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча соттук-медициналык өлүкканалардын 45 пайызы капиталдык оңдоого, ал эми 15 пайызы бузулуп, жаңы имараттарды курууга муктаж. Биз министрлер кабинетинин жана Финансы министрлигине кайрылып, аларды жаңылоонун үстүндө иштейбиз", - деди ал.