Жамгыр менен коштолгон жаз: Бул аптада туруксуз аба ырайы күтүлөт

Коом Загрузка... 08 Апрель 2026 11:45
cbed7baf3d161ae426d42c235597d0dd.jpg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Кыргызгидромет кызматы 8–14-апрелге карата аба ырайынын божомолун жарыялады. Ага ылайык, бул аптада күн сууктап, аба ырайы туруксуз болот.

Чүй жана Талас облустары:

  • 8–9-апрель: Көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын мол болушу мүмкүн.
  • 10-апрель: Айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, тоолордо кар жаайт.
  • 11–12-апрель: Түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде, өзгөчө тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Өрөөндөрдө негизинен кургак болот.
  • 13-апрель: Айрым аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолордо кар жаайт.
  • 14-апрель: Тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары:

  • 8–9-апрель: Көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал.
  • 10–11-апрель: Түнкүсүн негизинен жаан-чачын болбойт, күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.
  • 12-апрель: Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо кар жаайт. Түнкүсүн Ош менен Баткендин айрым жерлеринде жаан жаашы мүмкүн.
  • 13–14-апрель: Айрым жерлерде жаан жаайт. 14-апрелде тоолуу райондордо кар жаап, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Ысык-Көл жана Нарын облустары:

  • 8-апрель: Түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Нарындын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолордо кар жаашы ыктымал.
  • 9-апрель: Тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз Ысык-Көлдүн айрым жерлеринде, ал эми Нарындын көпчүлүк аймактарында жаан жаашы күтүлөт.
  • 10-апрель: Көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.
  • 11–13-апрель: Айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолордо кар жаайт.
  • 14-апрель: Тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт.