Кыргызстанда көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу мөөнөтү аяктады

Экономика Загрузка... 18 Февраль 2025 11:50
izobrazhenie_2024-10-11_113546146.png
copyright icon WWW

Бишкек, 18.02.25. /Кабар/. Көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу мөөнөтү аяктады. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.

Кыргызстанда 2024-жылдын 15-сентябрынан тарта көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу күчүнө кирип, ал 2025-жылдын 15-февралына чейин узартылган. Бул мезгилде Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан Кыргызстандын облустары, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча көмүрдүн баасынын максималдуу деңгээли белгиленген.

Аймактар боюнча көмүрдүн баасы сатуу түйүнүнүн казып алуу жеринен алыстыгына, башкача айтканда, сатуу жерине чейин жеткирилишине жана аны казып алуу ыкмаларына жараша коюлган.

Алсак, Ысык-Көл облусунун Жыргалан шахтасында жана Баткен облусунун Сүлүктү шахтасында кол ыкмасы менен казылып алынган көмүр, Кара-Кече кенинде ачык ыкма менен казылып алынган көмүрдөн кыйла кымбат болгон.

Жөнгө салуу учурунда белгиленген баалардын сакталышы текшерилип, көмүрдүн баасына күн сайын мониторинг жүргүзүлүп, сатуучулар арасында түшүндүрүү иштери да жүргүзүлдү.