Өлкөдө китептерди иштеп, басып чыгарууга 3 млрд сом каралат

Билим Загрузка... 27 Сентябрь 2025 13:16
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 27.09.25. /Кабар/. Китептерди иштеп чыгууга жана басып чыгарууга 3 млрд сом каралат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында Адылбек Касымалиев билдирди.

“Агартуу министрлиги – аймактарда бала бакчалар менен камсыздоо иши күчөтүлсүн, мугалимдерди персоналдык ноутбуктар менен камсыздоону аягына чыгарыңыздар.

Китептерди иштеп чыгууга жана басып чыгарууга 3 млрд сом каржылоо жагы камсыз кылынсын. Жалпы мектептеги билим берүүнүн 12 жылдык окуу форматка өткөндүгүнө байланыштуу мугалимдердин квалификацияларын жогорулатуу боюнча иш-чаралар үзгүлтүксүз жүргүзүлсүн", - деди ал.

Жыйында мектепке чейинки жана мектептеги билим берүүнүн деңгээлин жогорулатуу, мазмунун жаңылоо, ошону менен катар агартуу мекемелеринин имараттарынын абалын жакшыртуу жана мугалимдерге бардык ыңгайлуу шарттарды түзүү чараларын көрүүгө байланышкан протоколдук чечимдин долбоору министрлер кабинетинин мүчөлөрү тарабынан жактырылды.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө 1997 (286 жеке менчик) бала бакчада 257 378 бала тарбияланууда. Ал эми мектептерде 1 млн 536 633 бала билим алууда.