Бишкек, 16.05.25. /Кабар/. Бүгүн Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыевдин катышуусунда камакка алынган жана өндүрүлгөн мүлктү сатуу боюнча жаңы электрондук аукцион системасынын презентациясы өттү.
Бул система Сот департаментинин алдындагы "Адилет сот" маалыматтык технологиялар мекемеси тарабынан ишке ашырылган. Эми система өлкөнүн башка аймактарына этап-этабы менен жайылтылат.
"Электрондук соода — бул жарандардын жана мамлекеттин кызыкчылыгында камакка алынган жана өндүрүлгөн мүлктү ачык-айкын, ыкчам жана адилеттүү сатууну камсыздаган механизм. Соодаларды санарип форматка өткөрүү кагаз түрүндөгү документ жүгүртүүнү толугу менен жокко чыгарып, адам факторун азайтууга, коррупциялык тобокелчиликтерди кыскартууга жана процессти тездетүүгө өбөлгө түзөт.
Сооданын бардык этаптары автоматтык түрдө катталып, бардык катышуучулар үчүн бирдей шарттардын негизинде жеңүүчү аныкталат", - деди Сатыев.
Алгачкы этапта платформанын пилоттук түрдө ишке киргизилиши Бишкек шаарынын райондук Сот аткаруучулар кызматынын бөлүмдөрүндө өткөрүлүп, анда системанын негизги модулдары ийгиликтүү сыноодон өткөрүлүп, анын техникалык жана процедуралык колдонуу жагынан маселелери иштелип чыкты.