Электр энергиясын керектөө жогорулады – министр

Коом
Электр энергиясын керектөө жогорулады – министр
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 21.10.26. /Кабар/. Өлкөдө экономика жана курулуш тармактарында өсүшкө байланыштуу электр энергиясын керектөө көрсөткүчү жогорулоодо. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, энергетика тармагында электр энергиясын иштеп чыгуу менен керектөө көлөмүн кууп жетүүгө мүмкүн болбой жатат.

“Президент энергетика тармагын көзөмөлгө алып, колдоосу аркылуу ири долбоорлор ишке ашууда. Алар электр энергиясынын таңкыстыгын жоюуга багытталган. Күн жана шамал электр станциялары иштеп жатат. 2027-жылы да ишке киргизилет. Ошондой эле Кара-Кече ЖЭБи боюнча инвестициялык келишимдерге кол коюлуп, техникалык-экономикалык негиздемелери боюнча иштер жүрүүдө. Мындан тышкары, ири ГЭСтер курулууда”, - деди министр.