Өлкөдө дары-дармек тартыштыгы жок- министрлик

Ден соолук Загрузка... 24 Март 2025 17:42
WhatsApp Image 2025-03-24 at 17.27.32.jpeg
copyright icon www

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 24.03.25. /Кабар/. Өлкөдө дары-дармек тартыштыгы жок. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы дары каражаты жана медициналык буюмдар департаментинин бирдиктүү терезе бөлүмүнүн башчысы Мая Мусаева билдирди.

Анын айтымында, бүгүндө күндө республикада 10 миңден ашуун дары каражаттары жана медициналык буюмдар каттоодон өткөн. Соңку үч жылда каттоодон өткөн дары-дармектин саны 6 миңден, ал эми медициналык буюмдардын саны 3 миңден ашкан.

“Бул көрсөткүч өлкөдө дары-дармек тартыштыгы жаралып жатат, же болбосо таптакыр жок дегенге алып келбейт. Бардык аймактарда керектүү негизги дары-дармектер, өзгөчө социалдык маанидеги жана тез жардамга керектелүүчү препараттар жетиштүү көлөмдө бар”,-деди ал.

Ал ошондой эле жарандарыбыздын органдарын алмаштыргандан кийинки иче турган туруктуу дары-дармектери да жетиштүү экенин кошмчалады.

“Департамент бул дары-дармектердин санын үзгүлтүксүз камсыз кылып турат. Эгерде ыктыярдуу алып келем дегендер болсо, атайын лицензия жаатындагы көйгөйлөрдү чечип берүүгө дагы көмөк көрсөтөт”,-деди ал.