Өлкөдө бир суткада 6 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 23 январь 2026 10:54
Өлкөдө бир суткада 6 өрт кырсыгы катталды
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 23.01.26. /Кабар/. Өлкө аймагында акыркы суткада 6 өрт кырсыгы катталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:

  • Чүй облусу – 1;
  • Бишкек шаары – 3;
  • Жалал-Абад облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 1.

Тилсиз жоону өчүрүүгө 6 күжүрмөн эсеп тартылган. Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болду.