Бүгүнкү жасалып жаткан иштер – энелердин ак тилегинин орундалышы

Аймак 11 сентябрь 2026 14:50

Диана Айдарова

Бардык материалдар

Бишкек, 11.09.26. /Кабар/. Өлкөдө болуп жаткан масштабдуу өзгөрүүлөр жана аймактарды өнүктүрүүгө багытталган курулуштар – улуу муундун, өзгөчө апалардын жылдар бою кылган ак тилегинин мөмөсү. Бул тууралуу Талас районунун тургуну Тумарбүбү Бөлөкбаева “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, акыркы жылдары өлкө аймагында, анын ичинде Талас жергесинде аткарылып жаткан алгылыктуу иштер элдин эртеңки күнгө болгон ишенимин бекемдеп, ар бир тургунга кубаныч тартуулоодо.

“Өлкөдө бүгүнкү күндө жасалып жаткан ар бир саамалык, ар бир жаратылган шарт – биздин, энелердин жылдар бою кылган аруу тилеги эле. Балдарыбыз тынч, гүлөгөн, өнүккөн мамлекетте жашаса экен деген тилегибиз кабыл болуп жатканына кубанычтабыз. Көчөлөрдүн оңдолуп, парктардын ачылып, социалдык объектилердин бой көтөрүп жатканы келечек муун үчүн жасалган зор камкордук", – деди ал.

Тумарбүбү Бөлөкбаева элибизде ар дайым ынтымак, тынчтык болуп, өлкөбүздүн өнүгүү жолу андан ары улана беришине ак батасын берди.