Өлкөдө балдардын жилик чучугун трансплантациялоо мүмкүнчүлүгү кеңейди – дарыгер

Ден соолук Жүктөлүүдө... 30 Июль 2026 16:00
WhatsApp_Image_0I1ipiT.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 30.07.26. /Кабар/. Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна балдарга жилик чучугун трансплантациялоону өз алдынча жүргүзүүгө мүмкүндүк берген заманбап медициналык жабдуулар орнотулду. Бул тууралуу Балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнүн башчысы Султан Стамбеков билдирди.

Анын айтымында, жаңы жабдуулардын жардамы менен Кыргызстанда жилик чучугун трансплантациялоодо чет өлкөлүк техниканы колдонууга муктаждык азаят. Борборго дүйнөдөгү алдыңкы өндүрүүчүлөрдүн аферез аппараты жана трансплантациядан кийинки оорулардын алдын алууда колдонулуучу экстракорпоралдык фотоферез аппараты алынган.

WhatsApp_Image_l0k9f6r.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90

Жабдуулар Кувейт элинин колдоосу жана "Ас-Сафа" кайрымдуулук фондунун каржылоосу менен сатып алынган.

Стамбеков белгилегендей, акыркы жылдары мамлекеттин колдоосу менен балдар онкологиясын каржылоо дээрлик 20 эсеге көбөйүп, бул жаңы дарылоо ыкмаларын киргизүүгө жана мурда мүмкүн болбогон долбоорлорду ишке ашырууга шарт түздү.

"Бул өлкөбүздүн саламаттык сактоо тармагы үчүн чоң кадам", - деди ал.