Өлкөдө балдардын 47 пайызы аз кандуулук менен жабыркайт - дарыгер

Ден соолук Загрузка... 10 Апрель 2025 11:01
WhatsApp Image 2025-04-10 at 08.01.46.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 10.04.25. /Кабар/. Өлкөдө балдардын 47 пайызы аз кандуулук менен жабыркайт. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун гематолог-дарыгери Гүлнар Шакирова билдирди.

Дарыгердин айтымында, аз кандуулук организмде эритроциттин жана гемоглобиндин азайып кетишинен пайда болгон оору. Анын башкы себеби организмдеги темирдин жетишсиздиги болууда. Тагыраагы, организмде темир жетишсиз болсо эритроциттер керектүү көлөмдө гемоглобин өндүрө албайт.

“Каны аз эне, сөзсүз түрдө аз кандуу баланы төрөйт. Кош бойлуу кезинде эненин организминде темир, гемоглобин аз болсо, баласы да ошондой болуп төрөлөт. Аз кандуу болуп төрөлгөн баланын иммундук системасы алсыз болуп бат-бат ооруйт”, - деди ал.

Шакирова белгилегендей, балада гемоглобиндин көрсөткүчү 6 айдан 59 айга чейин 110дон, ал эми 5 жаштан 11 жашка чейин 120дан ылдый болбошу керек.

“Аз кандуулуктун эки түрү бар. Оор жана орто. Орто түрүндө гемоглобин 70ке чейин болот. Ал эми оор түрүндө гемоглобиндин көрсөткүчү 70тен төмөн болот. Стационарда гемоглобин 70тен төмөн учурда дарылайбыз. 70тен өйдө болгон учурда витаминдерди ичип, жакшы тамактарды жеп үйдөн дарыланса болот”,-деди ал.

Дарыгер ошондой эле аз кандуулук менен жабыркаган баланын өңү кубарып, энтигип, башы айланып, ооруп, кулагы тунжурап, тез чарчап, алсырап каларын кошумчалады.