Бишкек, 08.07.25. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада 39 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
- Чүй облусунда – 16;
- Ош облусунда – 6;
- Жалал-Абад облусунда – 8;
- Бишкек шаарында – 3;
- Ош шаарында – 1;
- Ысык-Көл облусунда – 1;
- Баткен облусунда – 3;
- Нарын облусунда – 1.
Тилсиз жоону өчүрүүгө 41 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан 7 чыгуу болгон.