Өлкөдө акыркы суткада 31 өрт кырсыгы катталды

Кырсык Загрузка... 22 Июль 2025 10:23
WhatsApp_Image_2025_c37UZTG.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 22.07.25. /Кабар/. Өлкө аймагында бир суткада 31 өрт кырсыгы катталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:

  • Бишкек шаарында – 6;
  • Ош облусунда – 4;
  • Чүй облусунда – 11;
  • Жалал-Абад облусунда – 3;
  • Ысык-Көл облусунда – 4;
  • Талас облусунда – 1;
  • Баткен облусунда – 2.

Тилсиз жоону өчүрүүгө 35 күжүрмөн эсеп тартылган. Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болду.