Өлкөдө 32 медициналык мекеме курулууда – Дайырбек Орунбеков

Ден соолук 14 Июль 2025 13:00
518142525_23991643163822799_418481037302252525_n.jpg
518364708_23991643353822780_1874444258687140231_n.jpg
519707203_23991643183822797_1895540562753264862_n.jpg
Алдыга
Артка
518142525_23991643163822799_418481037302252525_n.jpg
518364708_23991643353822780_1874444258687140231_n.jpg
519707203_23991643183822797_1895540562753264862_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Дайырбек Орунбековдун социалдык тармактагы баракчасынан

Бишкек, 14.07.25. /Кабар/. Өлкөдө 32 медициналык мекеме курулууда, - деди президенттин администрациясынын маалыматтык саясатынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков.

Ал ошондой эле бул тармакка бөлүнгөн каражаттын көлөмү дагы жылдын жылга өсүп жатканын кошумчалады.

"Мындан 5 жыл мурда, коронавирус Кыргызстанды каптаганда, биздин медицинанын күчү сыналган. Пандемиянын кесепети келечек үчүн көп сабак берди. Андан бери 5 жыл өттү, Кыргызстан өнүгүүгө карай багыт алып, бардык тармактарда өзгөрүүлөр болууда. Медицина да четте калган жок. Көп нерсе акырындап оңолуп, жаңыртылып келе жатат.

Мамлекет саламаттыкты сактоого өзгөчө көңүл буруп жатат. Бул тармакка бөлүнгөн акча каражаты дагы жылдан-жылга көбөйүүдө. Мисалы:

  • 2021-жылы 26, 3 млрд сом;
  • 2024-жылы 42 млрд сом;
  • 2025-жылы 49,6 млрд сом.

Бул жөн эле сандар эмес, ар бир кыргызстандык өз өлкөсүндө жакшы, сапаттуу медициналык жардам алышы керек деген максат.

Быйыл 32 жаңы медициналык имарат курулуп жатат:

  • Бишкекте – 5;
  • Ош облусунда – 6;
  • Чүй облусунда – 3;
  • Ысык-Көлдө – 4;
  • Жалал-Абад облусунда – 9;
  • Нарын облусунда - 2;
  • Баткен облусунда - 1", - деп жазды ал.