Бишкек, 16.05.25. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын 1-майына карата Кыргызстанда мамлекеттик жөлөк пул алуучулардын жалпы саны 308,4 миң адамды түздү.
Ведомстводон маалымдашкандай, анын ичинен 196,4 миң балдар "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун, ал эми 112 миң адам ай сайынкы социалдык жөлөк пул алышууда.
Республика боюнча жөлөкпулдун орточо өлчөмү төмөндөгүнү түздү:
- "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулу –1 411,3 сом,
- ай сайынкы социалдык жөлөк пулу – 6 306,3 сом.
"Жөлөк пулдарды төлөө мамлекеттин социалдык милдеттенмелерине ылайык жүргүзүлүп, калктын эң муктаж катмарына колдоо көрсөтүү максатында багытталган", – деп билдиришти министрликтен.