Өлкөдө 3 жумада жүргүнчү жана жүк ташуу эрежелерин бузгандарга 5,6 млн айып салынды

Коом 23 апрель 2025 11:29
492382369_987386890236724_8297160537322091042_n.jpg
491973583_987386540236759_8681200894374605428_n.jpg
491999733_987386886903391_262751429691938986_n.jpg
492348243_987386450236768_5183094072989232332_n.jpg
492401675_987386453570101_4511620989526997037_n.jpg
492789548_987386456903434_1039421250624076417_n.jpg
492889992_987386876903392_7368016495106402950_n.jpg
493031064_987386976903382_2077706981033032284_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 23.04.25. /Кабар/. Өлкөдө 3 жумада жүргүнчү жана жүк ташуу эрежелерин бузган айдоочуларга 5,6 млн айып салынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти жүргүнчү жана жүк ташуунун талаптары менен белгиленген салмак-габариттик ченемдердин сакталышын камсыздоо максатында рейддик иш-чараларды жүргүзүлүүдө.

1-апрелде башталган текшерүү иштеринин 3 аптасында (21-апрелге чейин) 51 миң 211 транспорт каражаты текшерилди.

Натыйжада тартип бузган айдоочуларга түшүндүрүү иштери менен бирге КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 503 протокол түзүлүп, 5 млн 654 миң сом айып пул салынды.

Белгилей кетсек, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралар 30-апрелге чейин уланат.