Өлкөдө 247 бала 118 фостердик үй-бүлөдө тарбияланууда

Коом Загрузка... 13 Март 2025 18:59
1688544589864.jpg
copyright icon Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти

Бишкек, 13.03.25. /Кабар/. 2025-жылдын 1-мартына карата 247 ата-энесинин көзөмөлдүгүсүз калган бала 118 багуучу (фостердик) үй-бүлөдө тарбияланууда.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, былтыр 1-мартта 210 ата-энелеринин көзөмөлдүгүсүз калган бала 110 багуучу (фостердик) үй-бүлөдө тарбияланган. Натыйжада балдардын саны 15 пайызга көбөйгөн.

"Учурда окуу үчүн багып алуучу ата-эне болууга 43 талапкер Эмгек министрлигинин аймактык бөлүмдөрүндө каттоодо турат", - деп айтылат маалыматта.