Бишкек, 11.08.26. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 115 фостердик үй-бүлөдө 244 бала тарбияланууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2014-жылдан бери 400дөн ашык бала фостердик үй-бүлөлөрдүн кызматынан пайдаланган.
Фостердик ата-эне болууга 30 жаштан 65 жашка чейинки, атайын окуудан өткөн жарандар талапкер боло алышат.
Министрликтин аймактык башкармалыктары мындай үй-бүлөлөрдө балдарды тарбиялоо жана аларга кам көрүү боюнча талаптардын сакталышына туруктуу мониторинг жүргүзүп турушат.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда фостердик үй-бүлөлөр системасын өнүктүрүүнү улантууда. Фостердик ата-эне болууга талапкерлерди даярдоо жана мындай үй-бүлөлөрдө балдарды багуу үчүн жыл сайын бюджеттен каражат каралат.
Маалымат үчүн: Фостердик үй-бүлө – бул турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды мамлекет менен түзүлгөн келишимдин негизинде белгилүү бир мөөнөткө тарбиялоо үчүн атайын даярдыктан өткөн үй-бүлө.