Өлкөдө 17-февралдан тарта жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо башталды

Билим Загрузка... 19 Февраль 2026 11:55
WhatsApp Image 2026-02-19 at 11.18.11.jpeg
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 19.02.26 /Кабар/. Өлкөдө 17-февралдан тарта жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо башталды, ал 2-апрелге чейин уланат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында илим, жогорку билим берүү жана инновация министринин орун басары Дурус Козуев билдирди.

Анын айтымында, министрлик 2025-жылдын декабрь айында ЖРТны өткөрүү үчүн көз карандысыз кызматка атайын конкурс уюштуруп, анын жыйынтыгы менен үч жылга (2026-2028) Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору тандалып алынган.

“Тестирлөөнүн турларынын графиги Агартуу министрлиги тарабынан бекитилип, кабыл алуу жана тандоо мөөнөттөрү тесттин сертификатынын арткы бетинде көрсөтүлөт.
Гранттар тестирлөөнүн жыйынтыгына ылайык, жылдагыдай эле орто мектептердин жайгашкан аймагына жана жеңилдетилген категорияларга жараша бөлүштүрүлөт",-деди орун басар.