Бишкек, 02.02.26. /Кабар/. Кыргыз-Россия Славян университетинде Камкорчулар кеңешинин жыйыны өттү. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.
Анда маалымдалгандай, отурумда аткарылган иштердин жыйынтыктары, 2026-жылга карата максаттарды аныктоо жана КРСУнун кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгүндөгү ролу талкууланды.
КРСУнун Камкорчулар кеңешинин төрагасы, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев университеттин мамлекет, студенттер жана өнөктөштөр алдындагы жоопкерчилигин, ошондой эле Камкорчулар кеңешинин ролун баса белгиледи.
“КРСУ Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы көпүрө катары кызмат кылуунун маанилүү миссиясын аткарат. Бул билим берүүнүн жана тарбиялоонун сапатына өзгөчө талаптарды коёт. Университет орус тилин, элдерибиздин жалпы тарыхый жана маданий салттарын жогору баалайт жана гуманитардык байланыштарды бекемдейт. Биз КРСУнун бүтүрүүчүлөрүн мыйзамды, өз өлкөсүн жана өнөктөштөрүн сыйлаган, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо үчүн иштеген жогорку квалификациялуу жана жоопкерчиликтүү адистер болот деп эсептейбиз”, - деп айтты ал.
Жолугушууда Россиянын президентинин Стратегиялык өнөктөштүк жана кызматташтык боюнча башкармалыгынын башчысы Вадим Титов өз сөзүндө университеттеги учурдагы өзгөрүүлөргө баа берип, анын Россия менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелер үчүн маанисине токтолду.
“Баарыбыз КРСУ кандайча өзгөрүп жатканын көрүп турабыз – учурдагы инфраструктураны масштабдуу модернизациялоо жүрүп жатат, бизнестин жана экономиканын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн программалар иштелип чыгууда, ошондой эле студенттер жана окутуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө. Бул динамика КРСУ Россия жана Кыргызстан үчүн маанилүү стратегиялык долбоор бойдон кала берерин тастыктайт”, - деди ал.
Ошондой эле талкууда университеттик спортту өнүктүрүү, жакынкы аралыкта КРСУда “Элдик банк” аудиториясын, ошондой эле студенттер арасында ишкердик жана санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү борбору катары кызмат кыла турган Wildberries аудиториясын ачууну пландалып жатканы айтылды.
Мындан тышкары, жыйында өлкөнүн түштүгүндө КРСУнун филиалын ачуу маселеси каралды. Сергей Волков бул долбоор Камкорчулар кеңешинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин өзгөчө көзөмөлүндө экенин белгиледи.
Жолугушуу учурунда бир катар кызматташтык документтерине кол коюлду.